Садыр Жапаров Ак-Талаа районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент 2177 25 Июнь 2026 16:20
730109499_1626443671751957_8475744043857827436_n.jpg
729209643_859721093461735_636133391303413179_n.jpg
729099704_1794796485220537_865656183720857029_n.jpg
729838326_1995556451080385_8185734177968777372_n.jpg
728234741_1724622235217848_954282305111624021_n.jpg
732269636_27258585050419325_630080412294230640_n.jpg
731855329_977392542002053_5794247174043870622_n.jpg
730413881_1940653196629061_8045016079292970436_n.jpg
729260273_1540135207905568_4907067060469956413_n.jpg
732068746_969799449393122_2808830909714173922_n.jpg
726814348_1048128714310925_3041975475298222176_n.jpg
731462270_983351584523204_8903428868577143062_n.jpg
731761856_1385935940013582_2016072809871284304_n.jpg
731761869_2940641706329102_7979202676375367913_n.jpg
730487644_1343957877663740_5179760091710561498_n.jpg
729468128_996547103162993_9043875499308952244_n.jpg
729991409_1596680268552853_4893098195557765399_n.jpg
729186636_963571743375136_7589905208046020544_n.jpg
728234740_1481038253709818_2300990388847146709_n.jpg
726645511_1985696252069781_4611009051630107795_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда жашоочулар жарандардын укуктарын коргоо, сот иштерин кароо, жер маселелери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары, ишкерликти жана айыл чарбасын колдоо сыяктуу бир катар маанилүү маселелерди көтөрүштү.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айрым соттук териштирүүлөргө, кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду. Жарандар сот чечимдерин кайра карап чыгуу, тергөө иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана алардын кайрылууларына калыс баа берүүнү өтүнүштү.

Мамлекет башчысы мындай маселелердин баары мыйзам чегинде гана каралышы керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга ар бир кайрылууну кылдат иликтөөнү тапшырды.

Жолугушууда жер маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тургундар жер тилкелерине болгон менчик укугу боюнча талаш-тартыштар тууралуу айтып, бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Мындан тышкары социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан маселелер да көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар жаңы социалдык объектилерди куруу өтүнүчү менен кайрылышып, алардын катарында спорт комплекси, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор бар экенин белгилешти. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине байланышкан маселелер айтылып, жаңы мечит куруу жана спорт менен машыгууга шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү райондогу сезондук ишкердиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салык саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышты. Президент көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан карап чыгып, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле мектептерди куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, унаа жолдорунун сапатын жакшыртуу, айрым категориядагы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, документтерди тариздөө жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана жарандарды социалдык жактан колдоо маселелери боюнча да кайрылуулар болду.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров тургундардын бардык кайрылуулары көзөмөлдө болорун айтып, мамлекеттик органдар аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз убагында, калыс жана ар тараптуу кароого милдеттүү экенин баса белгиледи.