Садыр Жапаров: Аймактагы достукту бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын

Президент Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 19:10
761306831_1598541168549473_2362590970369813862_n.jpg

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстандын президенттери менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ошондой эле мамлекет башчысы: "Сиздер менен жүз көрүшүп, аймактагы достукту жана кызматташтыкты дагы бир жолу бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын", - деп жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өттү.