Самарканд, 31.10.25. /Кабар/. ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын Самарканд шаарында өтүшү – тарыхый жана символикалык мааниге ээ. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси, ЮНЕСКО алдындагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Самарканд шаарында өтүп жаткан иш-чаранын алкагында "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул чечимди түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү бир добуштан колдоп беришкен. Албетте, уюштуруу жагында логистика, транспорт, тамак-аш сыяктуу маселелер боюнча талкуулар болгон, бирок Өзбекстандын жогорку деңгээлдеги уюштуруучулугу жана даярдыгы эске алынып, көпчүлүк өлкөлөр бул демилгени колдошкон.
Шер-Нияз белгилегендей, ЮНЕСКОнун тарыхында мындай сессия биринчи жолу Париждеги штаб-квартирасынан тышкары өткөрүлүүдө. Бул Өзбекстан үчүн эле эмес, жалпы Борбор Азия аймагы үчүн да чоң сыймык. Анткени бул өңүттөн алганда, аймак дүйнөлүк илим менен маданиятка эбегейсиз салым кошкон улуу инсандарды – Аль-Фарабий, Беруний, Ибн Сина, Ал-Хорезмий, Аль-Ферганийден тартып, Абай, Мухтар Ауезов жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу дүйнөгө таанымал залкарларды берген. Ошондуктан бул эл аралык иш-чаранын Самаркандда өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат.
Элчи Кыргызстан үчүн да бул иш-чаранын мааниси өзгөчө экенин белгиледи. Учурда өлкө ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине мүчөлүккө талапкерлигин коюп, бул багытта жакшы үмүт бар экенин билдирди. Эгер Кыргызстан бул кеңешке мүчө болуп шайланса, бул мамлекет үчүн тарыхый мааниге ээ окуя болмок.
Садык Шер-Нияз Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун «Көчмөндөр маданияты» темасына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, келерки жылы өлкөдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында «Көчмөндөр күнү» тууралуу резолюцияны ЮНЕСКОнун Башкы конференциясына сунуштоо пландалып жатканын айтты.
Анын маалыматына ылайык, конференцияда талкууланып жаткан негизги темалардын бири – климаттык өзгөрүүлөр жана айлана-чөйрөнү коргоо маселеси. Кыргызстан бул багытта өзгөчө ролго ээ, анткени Борбор Азиядагы суу ресурстары Кыргызстандын мөңгүлөрүнө түздөн-түз байланыштуу. Таза ичимдик суусунун тартыштыгы – азыркы мезгилдеги эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири.
Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан да сөз сүйлөп, атайын резолюция кабыл алынган. Анын аткарылышы учурда ЮНЕСКОнун көзөмөлүндө турат. Самарканддагы конференцияда дал ушул резолюциянын ишке ашырылышы тууралуу да талкуу жүрмөкчү.
Садык Шер-Нияздын айтымында, бул конференция адамзат алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүдө олуттуу кадам болот. Ал ЮНЕСКОнун негизги максаты – билим берүү, илим, маданият жана руханий мурастар аркылуу элдерди жакындатуу экенин белгилеп, Самарканддагы сессия бул багытта жаңы доордун башталышы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.