Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Эртең Кыргызстан - Пакистан бизнес форумунда бир катар документтерге кол коюлат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүүдө. Кыргызстандан 23 компаниянын өкүлдөрү Пакистанга келишти. Алар ар кыл тармактарда кызматташууга даяр экендиктерин айтышууда.
"Эртең Кыргызстан - Пакистан бизнес форумунда бир нече меморандумдарга кол коюлары күтүлүүдө. Статистикалык маалыматтарга карасак, 2024-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 16 миллион доллардан ашкан. Бул сумма эки өлкө үчүн абдан аз. Пакистандык инвесторлор бүгүнкү күндө өтө кызыгуу менен алакаларды арттырууга ниеттенип жатат. Алар гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, кен байлыктары багытында иштешүүгө кызыкдар болууда. Бишкек - Исламабад багытында авиакаттам ачылган. Билим-илим багытында айтсак, Пакистандан келген студенттер Кыргызстанда окуп, дипломго ээ болууда. Мунун баары биздин өлкөгө инвестиция деп атасак болот. Азыркы күндө пакистандыктар биздин өлкөдө бир катар ишканаларда эмгектенип келет. Ошондой эле пакистандыктар эми курулуш тармагында да иштеп, инвестиция салсак деп турушат. Мындан тышкары, экологиялык жактан таза продукцияларды Пакистанга алып келип сатсак деп пландап жатышат", - деди Равшанбек Сабиров.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча Пакистанга мамлекеттик сапар менен кетти.