Сабиров: Кыргызстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү $1,2 млрд ашты

Экономика Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-07-28 at 15.50.59 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1,2 млрд АКШ долларынан ашты. Жакынкы келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, мындай милдетти Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары койгон.

“Биргелешкен өндүрүштөрдү түзүп, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүп жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чогуу чыксак, бул максатка кыйла эртерээк жетебиз деп ишенем. Бүгүнкү күндө Өзбекстан Кыргызстан үчүн инвестиция тармагындагы негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат”, – деди Сабиров.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек бизнес-форуму Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанда боло турчу мамлекеттик сапарынын алдында өтүүдө.

Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн жана ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү катышууда. Форумда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.