Сабиров Кара-Суудагы кирпич жана газоблок заводунун иши менен таанышты

Аймак Загрузка... 17 Март 2026 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан "Восточные строительные материалы" ЖЧКсына барды.

Агенттиктен билдиришкендей, ишкана курулуш кирпичин жана газоблокторду өндүрүүгө адистешкен. Долбоор күнүнө 200 миң даанага чейин кирпич өндүрүү кубаттуулугу менен күйгүзүлгөн кирпич жана газобетон блокторун чыгаруучу өндүрүштү камтыйт. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 10,5 млн АКШ долларынан ашат.

Ишкана пайдаланууга берилгенден тарта компания Кара-Суу районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетине ыктыярдуу төлөмдөрдү жүргүзүп келет. Биринчи жылы 35 млн сом которуу каралган, кийинки жылдары жыл сайын 5 млн сомдон социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкты колдоого багытталат.

Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү менен коштолууда. Ошондой эле ишкананын ишке киргизилиши аймактагы курулуш тармагынын өнүгүшүнө жана Ош облусунда инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашына байланыштуу.