Саат 14:00гө карата чет өлкөлөрдө 8 592 кыргызстандык жаран добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Саат 14:00гө карата чет өлкөлөрдө Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 8 592 жаран катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Россиянын Петропавловск-Камчатск шаарындагы шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктады. Бул жерде добуш берүүгө келген жарандардын саны 182 адамды түздү.

Учурда Кыргызстандын аймагынан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.