Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Кыргыз тасмаларындагы ролдору менен таанымал актёр, манасчы жана сүрөтчү Рысбек Жумабаев айылда жашоону жактыра тургандыгын белгилейт.
Ага берилген аяндын негизинде улуу касиетти кабыл алып, манасчы болгон. Дүйнөнү кыдырып, Американын 8 штатында, Франция, Италия, Англия, Венесуэла, Греция, Германия жана Гонконгдо манас айткан.
Сүрөт тартат. Тасмаларга чакыруу түшкөндө барып тартылып турат.
“Жалгыз жашаганды жактырам. Балдарымдын апасы бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин жалгыз жашайм”,-дейт ал.