Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кыргызстарндын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Руанданын Түркиядагы элчиси Чарльз Кайонга менен жолугушту.
КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-руанда кызматташтыгы, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле мамлекеттер менен кабыл алуучу өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери каралды.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү багытындагы иштерди улантууну макулдашты.