Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, төрага Абылкаир Скаковду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, боордош эки элдин алакасын чыңдоого чоң салым кошоруна ишеним билдирди. Марлен Маматалиев эки өлкөнү орток тарыхый, маданий жана руханий байланыштар бириктирип турарын баса белгиледи.
Жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, спикер Чолпон-Ата – Алматы унаа жолун куруу зарылдыгын айтты.
"Бизде алакаларды өнүктүрүүгө арналган мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан калыптанган байланыштарды дагы тереңдетип, биргелешкен транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет", – деди төрага.
Ошондой эле маданий-гуманитардык багытта Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу демилгесине көңүл буруу чакырылды.
Өз кезегинде элчи Абылкаир Скаков кыргыз-казак алакасын өнүктүрүү анын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.
"Казакстан Кыргызстан менен бир туугандык мамилелерге негизделген стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар. Эки өлкө башчылары баштап берген кызматташтыкты жигердүү улантып, алаканы бардык багыттар боюнча өнүктүрүшүбүз керек", – деди элчи.
Абылкаир Скаков акыркы беш жылда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13 жолу келгенин эске салып, парламенттер аралык кызматташтык да жогорку деңгээлде баратканын кошумчалады.