Руслан Казакбаев Албаниянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат Загрузка... 10 Июль 2025 09:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Күн мурун Тирана шаарында Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Албаниянын президенти Байрам Бегайга ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ишеним грамоталарын тапшыруунун алкагында өткөн эки тараптуу жолугушууда элчи Казакбаев Албания президенти Байрам Бегайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыстан менен Албаниянын ортосундагы саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү маселелери, ошондой эле эл аралык аянтчаларда, атап айтканда БУУ жана ЕККУ алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Элчи Казакбаев Албания президентине КР президенти жана министрлер кабинетинин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институционалдык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Бул реформалар улуттук экономиканы чыңдоого, бизнес чөйрөсүн жакшыртууга жана элдин жашоо сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Соңунда элчи Албаниянын спортчуларын 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.