Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык белгилүү режиссёр жана продюсер Руслан Акун ата мекендик кинематографиянын абалы, режиссёрлор туш болгон кыйынчылыктар жана кыргыз тасмаларынын эл аралык деңгээлге чыгуу келечеги тууралуу айтып берди.
"Учурда абдан жакшы тенденция байкалууда. Өткөн жылы биз өнүгүүнүн белгилүү бир баскычынан өттүк. Азыркы тапта кинотеатрлардагы жалпы кирешенин 56 пайызын жергиликтүү тасмалар камсыз кылууда. Бул биз үчүн чоң жетишкендик", – деп белгиледи ал. Режиссёр заманбап дүйнөдө кинону өнүктүрүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачык экенин жана аларды максималдуу түрдө пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи. "Бизде сонун убакыт болуп жатат: бүт дүйнө ачык, бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Шүгүр кылып, болгону изденүү керек. Эгер аракет кылсак, баарын ишке ашырууга болот", – деди Руслан Акун.

Ал ошондой эле жанрлардын ар түрдүүлүгүнө жана жергиликтүү окуяларга өзгөчө көңүл бурду.
Анын айтымында, кыргыз киносу комедиядан алыстап, драма жана курч сюжеттүү жанрларда эксперименттер жасала баштады.
"Кыргызстанда жети миллионго жакын адам жашайт – демек, жети миллион тагдыр, жети миллион окуя бар. Эгер кооз жеткире билсек, ар бир адамдын өзүнүн кызыктуу окуясы экранга чыгууга татыктуу", – деп кошумчалады режиссёр.
Ал эл аралык деңгээлге чыгуу тууралуу айтып жатып, тасма жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ болушу керектигин, бирок ошол эле учурда чет элдик көрүүчүлөр үчүн да түшүнүктүү болуусу зарылдыгын белгиледи.
"Эгер биз ушундай темп менен бара берсек, өзүбүздү өркүндөтүп, өнүксөк, анда Түштүк Корея боло албасак да, жок дегенде Индонезиянын деңгээлине жетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мунун баары толук ишке аша турган реалдуулук", – деди ал келечекке баа берип.
Өзүнүн кинодогу орду тууралуу Акун кыскача: "Мен өзүмө жаккан нерселерди гана тарткым келет", – деп жыйынтыктады.