Румыниядагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык суучулдар күч сынашат

Спорт Загрузка... 19 Август 2025 12:24
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Бүгүн Румынияда сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты башталды. Мелдеш 19-августтан 24-августка чейин Отопени шаарында өтөт. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин Olympics сайтындагы маалыматта айтылат.

Анда белгиленгендей, дүйнө чемпионатына 14-17 жаштагы кыздар жана 15-18 жаштагы уландар катышмакчы.

Кыргызстандын суу спорту федерациясынан билдиришкендей, өлкө атынан чемпионатта Адилет Абдыкапаров, Даниэль Насрединов

Амир Кыдырмаев күч сынашат. Алар улук машыктыруучу Александр Слепченконун жетекчилигинде таймашка чыгат.

Ири мелдеште дүйнө жүзнөн 18 жашка чейинки 900дөн ашык спорчу ат салышат.