"Рулда" рейди уланууда. Бишкекте эки күндө 16 мас айдоочу кармалды

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 17:52
516913709.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Республиканын аймагында "Рулда" аталышындагы профилактикалык рейд уланууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздук камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткаруу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Рейддин алкаганда эки суткада Бишкек шаарынын аймагында жалпы 1 810 бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. Анын ичинде:

  • мас абалында унаа башкаруу — 16;
  • Унаа каражатынын алдынкы терезелерин мыйзамсыз карангылатуу — 19;
  • үндү катуулатуучу каражаттарды колдонуу — 50;
  • мото, скутер айдоочулары тарабынан жасалган эреже бузуулар — 46;
  • "Авто-Ураган" системасы аркылуу аныкталган бузуулар — 60;
  • айып короосуна токтотулган унаалар — 328
  • жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузуу учурлары — 76;
  • автоээнбаштык фактылар — 12;

Рейддин максаты түнкү убакта жарандардын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздоо, ошондой эле одоно жол эреже бузууларды алдын алууболуп саналат.