"Руханият" ассоциациясы Түштүк Кореядагы Маданият күндөрүнө катышууда

Маданият Загрузка... 06 Октябрь 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Эл аралык "Руханият" ассоциациясы Түштүк Кореяда өтүп жаткан Борбордук Азиянын Маданият күндөрүнө активдүү катышып, залкар комузчу, обончу, ырчы, Кыргыз эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесин белгилөөдө.

"Борбордук Азия жана Корея" фонду тарабынан уюштурулган бул маданий иш-чара Түштүк Кореянын Кванджу шаарында ийгиликтүү башталып, 6–7-октябрь күндөрү Сеул шаарында уланат.

Фестивалдын алкагында Кыргызстандан келген маданият өкүлдөрү эл аралык "Руханият" ассоциациясы тарабынан даярдалган кыргыз искусство чеберлеринин концерттик программасын тартуулашууда. Курамда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Закирбек Дүйшөнбек уулу, Тилек Найманбаев, Токтогул Рысалиев, Дилбар Райымбекова, белгилүү ырчы Талант Токомбаев, комузчулар Эламан Каныбеков жана Даниел Маамытов бар.

Кыргызстандык өнөрпоздор менен катар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын да маданият өкүлдөрү фестивалга катышууда. Концерттик программа "Руханият" ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевдин жетекчилиги алдында даярдалып, кореялык көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусуна жана алкоосуна арзыды.

Мындан тышкары, маданият күндөрүнүн алкагында "Руханият" ассоциациясы тарабынан залкар Атай Огонбаевдин 125 жылдыгына арналган "Атайдын мурасы" аттуу өзүнчө иш-чара уюштурулат.