"Рух Санат" фестивалынын алкагында эл аралык илимий конгресс өттү

Коом Загрузка... 04 Август 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында уюштурулган “Салттуу маданият жана искусство: сактоо жана өнүктүрүү маселелери” темасындагы эл аралык илимий конгресс өз ишин ийгиликтүү аяктады.

Конгресс 20 өлкөдөн 80ден ашык окумуштууларды жана эксперттерди бириктирип, фестивалдын маанилүү бөлүгү болду. Катышуучулар 80 илимий доклад жасашты .

Эки күндүк эл аралык илимий конгресстин иши пленардык жыйын менен башталып, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген алдыңкы изилдөөчүлөр сөз сүйлөштү. АКШ, Россия, Венгрия, Тажикстан, Өзбекстан, Алтай Республикасы, Казакстан, Нидерланддар, Испания, Түштүк Корея жана Чилинин өкүлдөрү өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү.

Катышуучулардын көңүл борборунда глобалдык трансформация шарттарында элдердин музыкалык жана маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана актуалдаштыруу маселелери болду.

Иш-чарада төмөнкү эки маселе каралды:

- Салттуу маданияттын философиялык, тарыхый жана социалдык аспектилери жөнүндө;

- Ар кайсы өлкөлөрдө, аны сактоо үчүн практикалык ыкмалар жөнүндө.

Талкуунун жыйынтыгында конгресстин резолюциясы кабыл алынып, анда бир катар маанилүү төмөнкү багыттар аныкталды:

-салттуу маданият ааламдашуу жана санариптештирүү шарттарында тез арада колдоону талап кылат;

-маданий инфраструктураны өнүктүрүү, каада-салттарды алып жүрүүчүлөрдүн укугун жана статусун коргоо зарыл;

- салттуу маданияттын элементтерин билим берүүнүн тутумуна киргизүү маанилүү;

-мурасты сактоо үчүн санариптик технологияларды колдонуу: онлайн архивдерди, маалымат базаларын жана виртуалдык музейлерди түзүү керек.

Ошондой эле жети катышуучуга мыкты илимий баяндамалары үчүн атайын дипломдор жана 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Уюштуруучулар тарабынан мазмундуу жана концептуалдык жактан маанилүү деп белгиленген илимий баяндамалардын ичинен жети баяндама өзгөчө баса белгиленди. Алардын арасында заманбап дүйнөдө салттуу искусствонун ролу жана тагдыры боюнча орчундуу маселелер көтөрүлгөн үч эмгек бар.

Казакстандык искусство таануу илимдеринин доктору, салттуу музыка изилдөөчү Саида Елеманованын “Салттуу музыка маданиятынын заманбап дүйнөдөгү орду: чакырыктар жана суроолор” аттуу баяндамасында салттуу музыка академиялык музыкадан эмнеси менен айырмаланары жана ал эмне үчүн дагы эле турмуштук мааниге ээ экендиги тууралуу.

Тажикстандык УИАнын профессору Аслиддин Низамов өз сөзүндө Борбор Азия элдеринин салттуу музыкасы кылымдар бою бирге жашоо жана маданий өз ара байланыш аркылуу калыптанып келгенин жана бүгүнкү күндө ааламдашуу шартында бул жалпы музыкалык тамырларды кызматташуунун жаңы формалары аркылуу сактап калуу маанилүү экенин баса белгиледи.

Ал эми Өзбекстандын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Насриддин Назаров "Фольклор жана тил салттуу маданияттын курамдык бөлүгү катары" деген баяндамасында макал-лакаптар, ырлар, эпостор жана эне тили элдин маданий кодун кандайча түзүп, улуттук иденттүүлүктү жана руханий үзгүлтүксүздүктү бекемдөөгө салым кошконун көрсөттү.

Бардык катышуучуларга КР Улуттук илимдер академиясынан сертификаттар жана КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен ыраазычылык каттар берилди.