Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. 1-3-августта Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" маданий борборунда дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Фестивалдын максаты – биринчи кезекте салттуу маданиятты, салттуу музыканы даңазалоо, алардын нукуралуулугун сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү. Фестиваль тууралуу кененирээк бүгүн "Кабар" агенттигине фестивалдын башкы режиссёру, маданият ишмери Алтынбек Максүтов айтып берди.
"Рух Санат": Заманбап форматтагы жандуу долбоор
Фестиваль этностордун салттуу кайрыктары менен байытылган музыка аркылуу адамзаттын терең руханий дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. 30дан ашуун өлкөнүн маданиятын бир сахнада көрөбүз. Биз өзүбүздү мыктыбыз деп ойлошубуз мүмкүн, бирок дүйнөдө көптөгөн таланттар бар. Аларды көрүү менен биз жаңы нерселерди үйрөнөбүз же жоготкон нерселерибизди кайтарып алабыз.
"Рух Санат" фестивалы дүйнөлүк маданий мурасты даңазалап, ар кыл элдердин ортосундагы руханий көпүрө курууга багытталган. Бул иш-чара Кыргызстандын маданий туризмин өнүктүрүүгө да чоң салым кошот.
Фестиваль "Мейкин Азия" сыяктуу эстрадалык фестивалдардан айырмаланып, улуттук иденттүүлүктүн өзөгүн түзгөн мураска, жандуу үнгө жана этностордун маданиятынын руханий баалуулуктарына басым жасайт. Бул жерде заманбап хиттер эмес, кылымдарды карыткан элдик музыка жаңырат. Фестивалдын программасында бешик ырлар, ашыктык ырлар, эмгек ырлары, күүлөр, сүйүү обондору жана элдин жан дүйнөсүн камтыган ырым-жырымдар көргөзүлөт.
Салт – бул эне бешик ырын ырдаганда, кыз узатуудагы кошоктордо көрүнөт. Салт – маданияттын негизи. Ал ырда, обондо, аспаптарда, музыкалык искусстводогу чыгармаларда жашайт. Долбоордун концерттик программалары салттуу маданияттын уникалдуулугун жана тереңдигин заманбап форматта жеткирүү менен дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандын бай маданий мурасын таанытуу максатын көздөйт.
Аталган фестивалдын программасы бир катар тематикалык жайларды камтыйт. Алар кыргыз элинин салттуу жашоо образын жана бай маданиятын толук көрсөтүүгө багытталган.
Фестивалдын алкагында төмөнкү атайын жайлар уюштурулган:
- Кыргыз элинин жөрөлгөлөрүн жана салттуу жашоо образын көрсөтүүчү аянт: Мында кыргыздын байыркы үрп-адаттары, салт-санаасы жана жашоо мүнөзү кеңири чагылдырылат.
- Подкаст-зона: Маектерди жана чыгармачыл импровизацияларды жазуу үчүн атайын жабдылган студия, бул жерде баарлашуулар орун алат.
- Комуз формасындагы пирс: Бул жайда музыкалык аспап жасоонун усталары мастер-класстарды өткөрүп, таланттуулардын концерттери болуп турат.
- Көк шибер аянты: Кечки концерттердин негизги сахнасы катары кызмат кылат.
- Маркет-аянтча зонасы (бассейн): Продюссерлер жана музыканттар үчүн баарлашууга, кызматташууга арналган аянтча.
- Сынак өтө турган концерттик зал: Фестивалдын алкагындагы Сынак өтө турган жай.
Ошондой эле кыргыздын салтындагы салбуурун (куш салуу), шырдактар жана улуттук оймо-чиймелерди камтыган улуттук инсталляциялар көрсөтүлөт. Бардык сахналар байыркы кыргыздын оюулары менен кооздолот. Себеби, кадам сайын кыргыздын этностук өзгөчөлүктөрү, биздин дүйнөбүздүн, жашообуздун деми катары билинип, сезилип туруусу абзел.
Кечки концерттер - заманбап технологиялар менен өткөрүлөт
Ар күнү кечки саат 20:00дөн 22:00гө чейин салттуу музыканы алып жүрүүчү-аткаруучулардын катышуусунда жандуу концерттер өтөт. Бул концерттер лазердик шоулар, LED-экрандар жана күчтүү акустикалык жабдыктар сыяктуу заманбап технологиялар менен коштолот. Бардык аткаруулар жандуу болот. Фонограммалар айрым театралдык элементтерди күчөтүү үчүн гана колдонулушу мүмкүн, бирок музыканын негизи ар дайым нукура жана жандуу болот. Себеби, нукуралуулук салттуу музыкалык искусствонун негизги талаптарынын бири.
Руханий белек: Фестиваль салттуу музыка күйөрмандарын күтөт
"Рух Санат" фестивалына кирүү бардык көрүүчүлөр үчүн акысыз. Бул фестиваль руханий дүйнөнү байытуучу, этностордун улуттук баалуулуктарын тартуулаган күндөр катары бардык жарандар үчүн жеткиликтүү жана ачык болушу керек. Биз жөн эле музыка укпайбыз – руханий азык алабыз. Сырттан келген өнөрпоздордун таланты аркылуу дүйнө элинин салттуу музыкалык казынасы менен таанышууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Биз руханий дүйнөбүздү байытып турушубуз керек. Өзүбүздү эле эмес, башкаларды да угушубуз керек. Ошондо салыштыруу пайда болуп, өсүү болот.