“Рух Санат” фестивалы улуттук маданиятты жана музыканы даңазалаган маанилүү маданий иш-чара - Жаманкулов

Маданият Загрузка... 01 Август 2025 16:12
WhatsApp Image 2025-08-01 at 15.47.51.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 01.08.25. /Кабар/. “Рух Санат” фестивалы улуттук маданиятты жана музыканы даңазалаган маанилүү маданий иш-чара . Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалында аталган фестивалдын маркет багытынын куратору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда “Рух Санат” фестивалы алгачкы ирет өтүп жатат. Бул улуттук маданиятты жана музыканы даңазалаган маанилүү маданий иш-чара.

“Буга чейин биз Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, улуттук спортту дүйнөгө таанытып, Кыргызстанды бул багытта чордонго айланта алдык. Эми “Рух Санат” фестивалы аркылуу улуттук маданият менен улуттук музыканы эл аралык деңгээлге көтөрүп, алардын чордонуна айлантуу демилгебиздин алгачкы кадамын таштадык десек болот.

Фестивалда үч негизги багытты тандап алдык: конгресс, сынак жана маркет. Конгресстин алкагында салттуу улуттук маданиятты кантип сактап калуу жана аны кандай формада кийинки муундарга өткөрүп берүү маселелери талкууланууда. Сынак бөлүгүндө салттуу музыканын жаш өкүлдөрү бири-бири менен ат салышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Ал эми маркет аянтчасында таанымал топтор менен бирге дүйнөгө белгилүү продюсерлердин катышуусунда байланышты түзүүгө мүмкүндүк жаралып жатат. Фестивалдын жыйынтыгында бир нече келишимдердин түзүлүшү да ыктымал”,-деди ал.

Жаманкулов белгилегендей, мындай иш-чаралар өлкөнүн туризм тармагына да чоң салым кошот.

“Алар Кыргызстандын туристтик потенциалын арттырып, чет өлкөлүк коноктордун кызыгуусун жана келүүсүн көбөйтөт”,-деди ал.