Бишкек. 30.09.26. /Кабар/. Күн мурун Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры "Арабаев жети күн" спектакли менен 37-театрдык сезонун ачты. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Театрдын жаңы сезонунун ачылышына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, театрдын чыгармачыл жамаатын жаңы сезондун башталышы менен куттуктады.
Ал театр искусствосунун жаш муундун эстетикалык табитин калыптандыруудагы жана руханий баалуулуктарды жайылтуудагы маанилүү ордун белгилеп, чыгармачылык жамаатка жаңы ийгиликтерди, кызыктуу спектаклдерди жана көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусун каалады.