Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. 16-октябрда Кыргыз улуттук "Манас" театрында залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, тандоо туру саат 10:00дө башталып, катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.
Айтышка акындык өнөргө шыгы бар бардык катышуучулар катыша алат. Акындардын жуптары чучу-кулак аркылуу аныкталып, тандалган жуптар алым сабак айтышат. Ар бир жупка 4–5 мүнөт убакыт берилет. Тандоо турунун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон 12 акын финалдык баскычка өтөт.
Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 22-октябрында саат 12:00дө Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы маданият үйүндө өтөт. Финалдык айтыш упайлык негизде өткөрүлүп, акындардын жуптары чучу-кулак аркылуу аныкталат.
Айтыштын негизги максаты — кыргыз элинин төл маданиятынын нукура үлгүсү болгон төкмөлүк өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, элдин тарыхын, нарк-насилин, ыйман-ызаатын даңазалоо, ошондой эле залкар манасчы Мамбет Чокморовдун өрнөктүү өмүр жолун жана эмгегин даңазалоо.
Катышуучулардан төкмөлүк кудурети, сөз байлыгы, теманы ачып берүүсү, чечендиги, ырдын көркөмдүгү, үнүнүн кооздугу, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты талап кылынат.
Айтыштын байге фонду — 1 000 000 сом.
Кошумча маалымат алуу үчүн: 0504 57 17 57.