Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 22-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган иш-чара өтөт.
Иш-чаранын максаты — “Манас” эпосун даңазалоо, манасчынын өмүрү менен чыгармачылыгын эскерүү жана анын мурасын кийинки муундарга жеткирүү.
Маараке саат 09:00дө башталат.