"Рух Санат" фестивалы гала-концерт менен аяктады

Маданият 1865 04 Август 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.23.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-04 at 11.24.23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарован катышты.

Саамалык "Аалам ыры" театрлаштырылган прологу менен башталып, анда үн, аваз жана обон адамзат жаралганга чейин эле бар экени философиялык негизде чагылдырылды.

Кеченин соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бардык байгелүү орундарды алгандарды куттуктап, калыстар тобуна жогорку кесипкөйлүгү жана объективдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен кийинки дүйнөлүк "Рух Санат" фестивалы Жалал-Абад облусунда өтө турганын салтанаттуу түрдө жарыялады.

Андан кийин фестивалдын символу болгон муундардын байланышын билдирген жыгач комузду тапшыруу аземи болуп өттү.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов эстафетаны Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаевге өткөрүп берди.

Майрамдык кече эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү жана фестивалдын мыкты жамааттары катышкан гала-концерт менен уланды.