Рубль кымбаттады. 30-майга карата валюталар курсу

Экономика Загрузка... 30 Май 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-05-30 at 09.44.50.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Улуттук банк 2025-жылдын 30-майына карата чет элдик валюталардын расмий курсун жарыялады.

Кечээ күнгө салыштырмалуу өзгөрүүлөр бар: рубль менен теңге кымбаттады, евро менен юань бир аз арзандады, ал эми доллар өзгөрүүсүз калды.

2025-жылдын 30-майына карата валюталар курсу:

1 АКШ доллары (АКШ доллары) - 87,4500 сом (өзгөрүүсүз);

1 евро (Евро) – 98,5955 сом (0,50 сомго арзандады);

1 орус рубли (RUB) — 1,1064 сом (0,0128 сомго кымбаттаган);

1 казак теңгеси (Теңге) — 0,1716 сом (0,0011 сомго кымбаттаган);

1 кытай юаны (CNY) - 12,1637 сом (0,0009 сомго арзандады).

Орто эсеп менен коммерциялык банктар америкалык валютаны 87,31 сомдон сатып алып, 87,79 сомдон сатууда.

Коммерциялык банктарда орус рубли орто эсеп менен 1,10 сомдон сатып алынып, 1,13 сомдон сатылууда.