Өрттөнгөн "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор пайда болот

Коом Загрузка... 09 Ноябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 09.11.25. /Кабар/. Бишкекте өрттөнгөн "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор пайда болот. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, маданий борборду куруу боюнча эскиздик долбоор даярдалууда.

"Бул жерде шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн маданий борбор курулат. Учурда долбоор даярдалып жатат", - деди ал.

Ошондой эле мэрия "Чатыр-Көл" кинотеатры боюнча токтом долбоорун министрлер кабинетине макулдашууга жөнөткөнү маалым болду. Анын негизинде учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинотеатрды Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп алуу пландалууда.

Мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган имаратты жаңылап кайра куруу боюнча милдеттенме алып жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы мындай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбага ээ. Мисалы, буга чейин "Трудовые резервы" спорт комплекси Билим берүү министрлигинин карамагынан мэрияга өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин "Алга" ден соолукту чыңдоо спорт комплекси катары ишке берилген. Ошондой эле мурда Спорт комитетине караган кичи арена азыр мэриянын карамагына өтүп, оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Мэрия "Чатыр-Көл" кинотеатры боюнча да ушундай эле ыкма менен иш алып барууну көздөп жатат.

Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан "Чатыр-Көл" кинотеатрынын эски имаратында өрт чыккан.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзгөн.