Өрт коопсуздук эрежелерин комплекстүү камтыган китеп жарык көрдү

Коом 1 сентябрь 2025 16:20
540474257_1179536070885784_641873075777391281_n.jpg
540693528_1179536024219122_8181499838749749847_n.jpg
540714107_1179536004219124_8332722539187422703_n.jpg
540951414_1179536007552457_7676197995741101609_n.jpg
Алдыга
Артка
540474257_1179536070885784_641873075777391281_n.jpg
540693528_1179536024219122_8181499838749749847_n.jpg
540714107_1179536004219124_8332722539187422703_n.jpg
540951414_1179536007552457_7676197995741101609_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору үчүн өрт коопсуздук эрежелерин комплекстүү камтыган колдонмо китеп басылып чыкты.

Ведомстводон маалымдашкандай, китеп өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көрсөтмөсү менен кызматкерлердин натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылуу жана Кыргызстанда өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышын туура уюштуруу максатында инспекциялык кызмат иштеп чыккан.

Колдонмо китепте министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген өрт коопсуздук эрежелери тууралуу кенен түшүнүктөр, жеке жана юридикалык жактар үчүн колдонулуучу нормативдик укуктук актылар, мамлекеттик, социалдык, коммерциялык имараттардын, турак жайлардын жана башка объектилердин өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги өзгөчөлүктөр камтылды.

50 нускама менен даярдалган колдонмо борбордогу жана республикадагы бардык кызматкерлерге берилди. Ал эми кызыккан тараптар министрлер кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому аркылуу да тааныша алышат.