Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Россиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстандагы таанышуу пресс-турун улантууда.
Сапардын экинчи күнүндө россиялык журналисттер "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышып, капчыгайдын кооздугуна суктануу менен асма жолго көтөрүлүштү.
Ошондой эле программанын алкагында меймандар Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) барып, "Ала-Тоо 24", "Баластан" жана "Спорт" телеканалдарынын студияларын, заманбап телеконтент даярдоо процесстерин көрүп чыгышты. Мындан тышкары, "Номад" телеканалына баш багып, редакциянын маалыматтык саясаты жана заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган пресс-турга "Первый канал", "Россия 1", НТВ, RT, "Известия", "МИР", ТАСС, "Россия сегодня", "Интерфакс", "Московский комсомолец", "Комсомольская правда" жана URA.RU сыяктуу ири медиа каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.