Россиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди — Кабар

Россиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Саясат 29 июнь 2025 09:47
Россиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди
copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.25. /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Лавров 29-30-июнда президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугат. Ошондой эле ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Лавровду аэропорттон Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын орун басары Алмаз Имангазиев жана Россиянын элчиси Сергей Вакунов тосуп алды.