Россиянын Мамдумасы төрт күндүк иш жумасына өтүүгө уруксат берди

Дүйнө Загрузка... 13 Май 2025 16:43
WhatsApp Image 2025-05-13 at 12.55.19 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Россиянын Мамлекеттик Думасы төрт күндүк иш жумасына өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Россиянын ЛДПР партиясынын депутаты Ярослав Нилов РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, бул аралыктан иштөөнү кеңири колдонуунун, ошондой эле инновациялык технологиялык чечимдерди ишке киргизүүнүн аркасында мүмкүн болууда.

“Убакыттын өтүшү менен биз төрт күндүк иш жумасына өтөбүз. Бирок, бул акырындык менен ишке ашырылат”, - деп белгилеген эл өкүлү.

Эске салсак, аталган демилге Россияда 2019-жылдан бери талкууланып келе жатат. Анда маселени эмгек министри Максим Топилин көтөргөн. Сунуш коомчулукта кеңири резонанс жаратып, бирок регламентке киргизилген эмес.