Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Жеңиш чокусунан бутун сындырып алган россиялык альпинист Наталья Наговицина түбөлүккө тоодо кала берет. Бул тууралуу Россиянын альпинизм федерациясынын вице-президенти Александр Пятницын RT телеканалына берген маегинде билдиргенин Коммерсант гезити жазды.
Анын айтымында, Жеңиш чокусун багындыруунун тарыхында бир дагы альпинист аман-эсен куткарылып, тирүү же сөөгү түшүрүлгөн эмес. Сөөктү эвакуациялоо кымбат жана татаал операцияны талап кылат, жүз миңдеген доллар сарпталат. Азыр тоого чыгуу сезону аяктады, чокуда 30дан 50гө чейин каза тапкан альпинист калды.
Александр Пятницын баса белгилегендей, Наталья Наговицина альпинизм федерациясы аркылуу чокуга чыгууга өтүнмө берип, адистер анын квалификациясын жана тажрыйбасын текшеришсе, бул кырсыктын алдын алынмак. Үч гид россиялык альпинисттин жетишсиз даярдыгынан улам коштоп баруудан баш тарткандыктан, ал расмий түрдө уруксат албай туруп, катардагы турист катары чокуга чыгууну чечкен окшойт.
Эске салсак, Наговицина 12-августта тоодон түшүп баратканда бутун сындырып алган, андан кийин ага башка альпинисттер тамак-аш жана жабдууларды калтырып, жардам берүүгө аракет кылышкан. Альпинистти эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтүлгөн, бирок 23-августта аба ырайынын начардыгынан куткаруу иштери үзгүлтүккө учураган. 27-августта дрондордон Наговицинанын аман экенин көрсөткөн белгилер байкалган эмес.
Комсомольская правда маалымдагандай, буга чейин беларус альпинисти Артем Ценцевицкий бир жыл мурун Наговицина жетишсиз даярдыктан улам Жеңишке чыгууга катыша албай калганын билдирген. Ал Жеңиш чокусу башка чокуларга салыштырмалуу аба ырайы катаалдыгы жагынан айырмаланарын айткан.
Күн мурун “Аксай-Трэвел” туристтик агенттиги тажрыйбалуу альпинисттердин кеңешмесинде Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишкен.