Россиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрү Кыргызстанга пресс-тур менен келишти

Коом 22 Август 2026 13:34
IMG_6191.jpeg
IMG_6190.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6191.jpeg
IMG_6190.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Кыргызстанга таанышуу сапары менен Россиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация келди

Сапар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов тарабынан кыргыз-орус кызматташтыгын маалыматтык жана гуманитардык багыттарда мындан ары тереңдетүү максатында уюштурулду.

Пресс-турдун программасы эки өлкөнүн медиа коомчулук өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана боордош кыргыз жана орус элдеринин мындан ары жакындашуусунда маанилүү роль ойногон коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанда болуу учурунда россиялык журналисттер өлкөдөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалымат саясаты жаатындагы заманбап ыкмалар менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн жаратылышы жана туристтик жайларын камтыган маданий-таанышуу программасына катышышат.

Мындай демилгелерди ишке ашыруу журналисттердин ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик байланыштарды түзүүгө, объективдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга, гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Эске салса, ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын көрүнүктүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү уюштурулган.

Мындай долбоорлордун ырааттуу түрдө өткөрүлүп жатышы Кыргыз Республикасынын коңшулук мамилелерди, өз ара түшүнүшүүнү жана аймактагы өлкөлөр жана достук мамиледеги мамлекеттер менен ишенимдүү диалогду бекемдөөгө умтулуп жатканын көрсөтөт.

Пресс-турга Россиянын төмөнкү ЖМКларынын өкүлдөрү катышууда:

“Первый канал”, “Россия 1”, НТВ, RT, “Известия” ММБ, “МИР” ЭТРК, ТАСС, “Россия сегодня”, “Интерфакс”, “Московский комсомолец”, “Комсомольская правда” жана URA.RU.