Россиялык компания Бишкек жана Оштун өнүгүү динамикасын изилдөөгө кызыкдар

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 17:55
Изображение WhatsApp 2025-06-23 в 12.12.12_825bc902.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Максат Тентимишов Россиянын PitON компаниялар тобунун жетекчилиги – башкы директору О.Гусев жана аткаруучу директору М.Маликова менен жолукту.

тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда башкы консулдун апрель айындагы PitON ишканасына болгон иш сапарынын жыйынтыгында тараптар компаниянын Кыргызстандын рыногуна чыгуусу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

Тактап айтканда, компания курулуш компаниялары, куруучулар жана шаардык инфраструктуранын өкүлдөрү менен түз байланыштарды түзүү үчүн 2025-жылдын август айынын экинчи жарымында Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу ниетин билдирди.

PitON компаниясынын жетекчилиги өлкөнүн ири шаарларынын, биринчи кезекте Бишкек жана Ош шаарларынын өнүгүү динамикасын изилдөөгө кызыкдар экенин, ошондой эле өндүрүштүк жарыктандыруу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо системалары жана шиналар боюнча чечимдерди локалдаштырууга кызыкдар экенин билдирди.

Башкы консул Кыргызстандагы негизги инфраструктуралык долбоорлор, анын ичинде шаарларды өнүктүрүүнү кеңейтүү, эл аралык аэропортторду модернизациялоо, курулуш секторунун келечеги тууралуу айтып берди. Ошондой эле компаниянын жетекчилигин өлкөдөгү туризм жана рекреациялык кластердик тармак катары Ысык-Көл облусуна барууга чакырды.

Тараптар Екатеринбургда өтүүчү ИННОПРОМ-2025 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында жумушчу диалогду улантууну макулдашты.

PitON компаниясынын өкүлдөрү консулдуктун делегациясын компаниянын көргөзмөдөгү стенди менен таанышууга жана потенциалдуу өнөктөштөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө чакырышты.