Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери: ТИМ сапарга кантип даярдануу керектигин түшүндүрдү

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 15:29
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек 25.06.25 /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги 30-июндан тартып Россияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирип-чыгуусунун жаңы эрежелерин сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабы башталарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы эрежеге ылайык визасыз тартипте Россияга кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары чек арадан өтүүнү пландаган убактан кечиктирбестен 72 саат мурда RuID мобилдик тиркемеси аркылуу катталуусу зарыл.

Өтүнмө берүү үчүн чет өлкөлүк жарандар мобилдик телефонуна RuID тиркемесин жүктөп, чыгып жаткан өлкөсүн, сапардын максатын жана даталарын, барчу региондорду көрсөтүшү, ошондой эле биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек (беттин сүрөтү, паспорттун сүрөтү жана үн жазуу). Эгерде чет өлкөлүк жарандар балдары менен Россияга келе жатышса, анда эки ата-эне тең тиркеме аркылуу балдарынын маалыматтарын толтурушу зарыл.

Көрсөтүлгөн маалыматтар толтурулгандан жана өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөр (тагыраак айтканда "кара тизмеде" бар-жогу) текшерилгенден кийин чет өлкөлүк жарандын сапары электрондук түрдө авторизациядан өтөт.

Документ менен тастыкталган шашылыш дарыланууга муктаждык, оор оорулуу болуу же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу жагдайлар болгондо мындай арыз пландаштырылган кирүү убактысынан кеч дегенде 4 саат мурун берилүүсү мүмкүн.

Маалымат үчүн: RuID тиркемеси "Госуслуги" платформасынын чет элдик жарандар үчүн түрү болот жана жакынкы арада жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болот. 

RuID тиркемесине катталуу чет элдик жарандын санариптик профилин түзүү үчүн да талап кылынат. Бул профиль аркылуу жарандар келечекте мамлекеттик жана башка кызматтарды электрондук түрдө ала алышат, анын ичинде СНИЛС, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу (ДМС) полисин тариздөө жана орус SIM-картасын сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Россиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө мүмкүн болгон кыйынчылыктарга жол бербөө максатында Кыргызстандын жарандарына Россияга кирүү боюнча жаңы тартип менен алдын ала таанышып чыгуу сунушталат.

Россия Федерациясына кирүү боюнча жаңы эрежелер түшүндүрүлгөн маалыматтык видеону бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот: https://www.youtube.com/watch?v=eNCLxlFKyhM