Россиядан жашы жете элек 5 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 15:30
WhatsApp Image 2025-06-11 at 13.58.22 (1).jpeg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Жашы жете элек беш кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен кызматташтыкта кайтарды.

Алардын ичинен үчөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылды. Балдарды үй-бүлөсү менен бириктирүү иштери улантылууда.

Министрлик балдардын укугун жана коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл буруп, бул багытта эл аралык уюмдар жана консулдук кызматтар менен тыгыз иш алып барууда.