Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды

Коом 724 19 Январь 2026 10:40
blog.jpg
617108117_122200350332341273_7231094586559103108_n.jpg
617019751_122200350452341273_4788991046634479355_n.jpg
Алдыга
Артка
blog.jpg
617108117_122200350332341273_7231094586559103108_n.jpg
617019751_122200350452341273_4788991046634479355_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. “Ак-Тилек” чек ара көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 миң 720 кг колбаса азыктары аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада жүк кайра Россияга жөнөтүлдү.