Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын аялдардын кийим бренди "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү борборунун колдоосу менен Польшага алгачкы сыноо партиясын жөнөттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Saz Global компаниясынын директору Алина Жаркынбаева билдирди.

Анын айтымында, алгачкы партияга аялдар үчүн спорттук кийимдердин 131 даанасы кирген. Компаниянын өкүлдөрү август айында Польшанын Лодзь шаарында өткөн көргөзмөгө катышып, жергиликтүү өнөктөштөр менен байланыш түзүшкөн. Натыйжада польшалык ишкер айым кыргыз брендин жергиликтүү рынокто жайылтууга көмөктөшүүгө макул болгон.
Жаркынбаева экспорттук акселератор программасына катышуу европалык рынокко чыгуу үчүн керектүү билим жана практикалык тажрыйба алууга жардам бергенин белгиледи.
Ошондой эле ал ата мекендик тигүү ишканалары биригип, тажрыйба алмашуу жана бири-бирин колдоо аркылуу жаңы рынокторго чыгууга аракет кылып жатканын кошумчалады.