Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Акыркы убакта дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кыйла жогорулады. Августтун башында мунайдын баасы бир баррелине 77 доллардын тегерегинде болсо, 10-сентябрга карата ал 100 доллардан ашып кетти.
Негизги себептер:
- Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдын чыңалышы,
- Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүнүн үзгүлтүккө учуроо коркунучу,
- ошондой эле айрым мунай продуктуларынын, негизинен дизелдик отундун жетишсиздиги уланууда.
Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашкандай, учурда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда кырдаал туруктуу бойдон калууда.
9-сентябрга карата өлкөдө күйүүчү майлардын баасы:
- АИ-92 бензининин орточо баасы литрине 88,4 сом,
- дизелдик отундун баасы 101 сом,
- суюлтулган газдын баасы литрине 49,2 сомду түздү.
Ошол эле учурда Кыргызстандын импорттолгон даяр мунай продуктуларына жогорку көз карандылыгын эске алганда негизги тобокелдик бул жогоруда белгиленген импорттолгон күйүүчү майлардын баасынын өсүшү менен байланыштуу.
Мындан улам мамлекет тарабынан бааларды турукташтыруу жана рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бир катар чаралар көрүлүүдө.
Биринчиден, АИ-92 бензининин, дизелдик отундун жана газдын бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу күчүндө.
Мисалы, Бишкекте чекене баалардын максималдуу өлчөмү төмөнкүдөй белгиленген:
- АИ-92 бензини – литрине 87,90 сом;
- дизелдик отун – литрине 99,90 сом;
- газдын литрине – 48,80 сом.
Экинчиден, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларды, мунай продуктуларынын болушун, корлорду жана жеткирүү шарттарын, ошондой эле белгиленген баалардын сакталышын тынымсыз мониторинг жүргүзүп жатат. 8-июндан 3-сентябрга чейин гана 690 субъектти камтыган 225 мониторинг иш-чарасы өткөрүлдү. Аныкталган ар кандай мыйзам бузуулар боюнча чаралар көрүлүүдө.
Муну менен катар жеткирүү булактарын диверсификациялоо жүрүүдө. Жеткирүүлөр буга чейин Кытай жана Беларустан келүүдө, ал эми Казакстандан ички кайра иштетүү үчүн чийки затты жеткирүү, башка альтернативалар каралып жатат. Көрүлүп жаткан чаралар баалардын негизсиз өсүшүн болтурбоого жана жеткирүүнүн бир булагына көз карандылыкты азайтууга багытталган.