Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Алты жогорку квалификациялуу дарыгерлерден турган Россиянын “РЖД-Медицина” клиникалар тармагынын өкүлдөрү “Миссия Добро” программасынын алкагында Бишкекке келишет.
Бишкектеги орус үйүнүн маалыматына ылайык, “РЖД-Медицина” клиникалар тармагынын ыктыярчы дарыгерлери Москва, Красноярск, Самара жана Чита шаарларынан келип, 18-22-август күндөрү Бишкекте иш алып барышат. Алардын катарында уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед бар.
Дарыгерлер медициналык борборлорду кыдырып, кесиптештери жана медициналык ЖОЖдордун студенттери үчүн мастер-класс, лекцияларды өткөрүп тегерек столдорго катышат. Ошондой эле бейтаптарды текшерип, кеңеш беришет. Ар бир адис белгилүү бир клиникалык базага бекитилип, шаардагы медициналык борборлордун көбүн камтуу пландалган.
Россиядан келген адистер Улуттук госпиталь, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту жана Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун дарыгерлери менен биргеликте иш алып барышат.
Ошондой эле октябрь айында россиялык дарыгерлердин экинчи миссиясы пландаштырылып, балдардын церебралдык шал оорусу жана Даун синдрому менен ооруган балдарды, ошондой эле аутизмдин белгилери байкалган балдарды текшерүү жана коштоо, ата-энелери менен натыйжалуу жолугушууларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Маалымат үчүн: “Миссия Добро” ыктыярчылар программасы – бул эл аралык гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, дүйнө өлкөлөрүндөгү коомго россиялык адистердин жардамы аркылуу колдоо көрсөтүүгө багытталган программа. Программа 2021-жылдан бери Россия кызматташтыгы жана ДОБРО.РФ ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда. Бул – чыныгы элдик дипломатиянын бир мисалы. Анткени, ал түздөн-түз адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган.
2021-жылдан 2024-жылга чейин 35 миссия ишке ашырылып, дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө 10 миңден ашуун чет элдик жарандарга жардам көрсөтүлдү. Кыргызстанга бул миссиянын ыктыярчылары буга чейин 6 жолу келип кеткен, 2025-жылы эки жолу келишмекчи.
“РЖД-Медицина” тармагы – Россиянын улуттук саламаттык сактоо системасынын ири бөлүгү болуп саналат жана өлкөнүн 71 субъектисинде жайгашкан 360 оорукананы жана эмкананы камтыйт.
2024-жылы “РЖД-Медицина” клиникалар тармагынын дарыгерлери “Миссия Добро” программасынын алкагында Өзбекстан менен Түркмөнстанга да барышкан. Азыркы учурда бул иш "РЖД" ААКнын чет өлкөлөрдөгү гуманитардык потенциалын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында жүргүзүлүүдө.