Бишкектеги EXPO көргөзмөсү: Россиядан 100 компания катышат

Экономика 13 октябрь 2026 13:30
Бишкектеги EXPO көргөзмөсү: Россиядан 100 компания катышат

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Бишкекте өтө турган KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эки эл аралык көргөзмөгө Россиядан 100гө жакын компания катышып, энергетика, мунай-газ өнөр жайы, металлургия, машина куруу, курулуш, транспорт, химия өнөр жайы жана агроөнөр жай комплекси сыяктуу тармактардагы продукцияларын сунуштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында EXPO EURASIA KYRGYZSTAN көргөзмөнүн директору Светлана Забелина билдирди.

Анын айтымында, россиялык делегациянын курамында 300гө жакын адамдын келүүсү күтүлүүдө. Мындан тышкары, көргөзмөгө ар кайсы аймактардан импорттоочулар, ассоциациялардын жана бирикмелердин өкүлдөрү да катышат.

“Кыргызстанда бул көргөзмөнү экинчи жолу өткөрүп жатабыз. Алгачкысы 2022-жылы өткөн. Бул жолу Кыргызстанга кайтып келүүнү чечкенибиздин себеби — өлкөдө россиялык ишкердик үчүн көптөгөн жагымдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жигердүү өнүгүп жатат”, — деди Светлана Забелина.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд доллардан ашкан. Ал эми быйылкы жылдын беш айында көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га жогорулаган. Россия Федерациясынын Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүдөгү үлүшү 27,1%ды түзөт.

Забелина белгилегендей, Россиянын бизнес өкүлдөрү үчүн Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жайгашканы, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер жана ишкана ачуу шарттарынын жеңилдиги менен да кызыктуу. Мындан тышкары, Кыргызстандын ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, БРИКС жана башка эл аралык түзүмдөргө катышуусу кызматташтыкты жеңилдетет.

Көргөзмөдө Россиянын 20дан ашык аймагынан келген компаниялардын продукциялары көрсөтүлөт. Алардын арасында Нижний Новгород жана Тюмень облусунун ири аймактык стенддери, ошондой эле Башкортостан ишканаларынын продукциялары бар. Жалпысынан Россия тараптан 48ге жакын компания өз товарларын сунуштайт.

Көргөзмөнүн алкагында кеңири ишкердик программа да уюштурулат. “Кыргызстан — Россия — ЕАЭБ: кызматташуунун жаңы форматтары” аттуу пленардык жыйын өтүп, ага Кыргызстандын жана Россиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышат. Ошондой эле транспорт, курулуш, тоо-кен өнөр жайы жана айыл чарба тармактары боюнча тегерек столдор өткөрүлөт.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн энергетикалык конференция уюштурулат. Аны Россиянын Газ коому жана Энергетикалык инновациялар ассоциациясы өткөрөт. Конференциянын биринчи бөлүгү мунай-газ тармагындагы кызматташтыкка, анын ичинде Кыргызстандагы газ бөлүштүрүү маселелерине арналат. Ага “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк”, Россиянын Газ коомунун жана бир катар россиялык компаниялардын өкүлдөрү катышат.

Көргөзмөнүн алкагында ишкердик байланыштарды түзүү аянтчасы да иштеп, катышуучулар үчүн Соода-өнөр жай палатасынын, тармактык ассоциациялардын жана башка уюмдардын көмөгү менен максаттуу жолугушуулар уюштурулат.

“Биз ар түрдүү продукцияларды алып келдик. Алардын арасында Сибирден келген товарлар, Адыгей сырлары, Златоуст шаарында жасалган кооз буюмдар жана жаңы курулуш материалдары бар. EXPO EURASIA KYRGYZSTAN көргөзмөсү жалпы калк жана ишкерлер үчүн кызыктуу болот деп ишенебиз. Бардык кыргызстандыктарды катышууга чакырабыз”, — деди Светлана Забелина.