Россиядагы мигранттар Кыргызстанга 30 миң сомдон ашык акча которо албай жатат - депутат

Коом Загрузка... 14 Май 2025 12:02
WhatsApp Image 2025-05-14 at 08.58.33.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Россиядагы мигранттар Кыргызстанга 30 миң сомдон ашык акча которо албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча ага мигранттардан көп кайрылуулар түшүүдө.

“Россияда иштеген мигранттар акчасын мекенине которо албай жатышат. Россияда 30 миң сомдон ашпаган акча которууга уруксат берилүүдө. Эгерде алар акчасын бул жакка которуп же алып келишсе, биздин укук коргоо органдары тарабынан конфискацияланат.

Тышкы иштер министрлиги менен укук коргоо органдары биргеликте иш алып барышса жакшы болмок. Мигранттар акчасын Кыргызстанга которо албай, террорчулукка жана башка нерселерге шектелип, акчасын алып кетип жатканын айтышууда. Бул жагдайды жөнгө салып, акчаны кайтарып алышыбыз керек”, - деди депутат.