Россиядагы кыргызстандыктарга укуктук статусун жөнгө салууда артыкчылыктарды берүүнү сурануудабыз - элчи

Коом Загрузка... 21 Август 2025 18:50
WhatsApp Image 2025-08-21 at 17.55.01 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү расмий деңгээлде өткөн жылдан бери бардык деңгээлдерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамда каралган шарттар боюнча кыргыз жарандарына жеңилдетүүлөрдү, артыкчылыктарды берүүнү сурашууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте ишин улантып, 10-сентябрга чейин жарандарыбызга укуктук статусун жөнгө салууну эскертишүүдө.

“ЕАЭБдин мүчөсү катары эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде да мыйзамда каралган шарттар боюнча кыргызстандыктарга артыкчылык берүү маселеси көтөрүлгөн. Мыйзам кабыл алынгандан кийин аткаруу процессин карап чыгып, ошонун жыйынтыгы менен суранычыңарды карап чыгабыз деген жооп болду. Бирок, кандай болгон күндө да биздин жарандар мыйзамды так аткарышы керек”,- деди элчи.

Белгилей кетсек, Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 2025-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө укуктук статусун жөндөп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

“Негизи бул мөөнөт 1-майда аяктамак. Жогорку деңгээлде президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге укуктук статусун жөндөп алуу мөөнөтүн узартып берүү тууралуу кат жөнөткөн. Президенттин кайрылуусунун негизинде орус тарап мөөнөттү узартып берген. Мында бир эле кыргыз жарандарына эмес, жалпы чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык болуп калды. Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына укуктук статусун жөндөп алуу үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин убакыт узартылды. Учурда Россиянын бардык райондук бөлүмдөрүндө кезек күтүүлөр менен кабыл алуулар жүрүп жатат. Кабыл алууда да кыргыз жарандарына артыкчылыктарды берүүнү сурануудабыз”,- деди Бөкөнтаев.