Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги "Кабар" агенттигине КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Россияда жалпы 40 шайлоо тилкеси ачылган. Анын ичинен Москва шаарында - 7, Москва облусунда - 3 шайлоо тилкеси.
"Бардык тилкелерде жарандардын активдүүлүгү жана патриоттук духу байкалууда. Эртең менен добуш берүүчүлөрдүн саны көп болуп, саат 11:00дөн кийин орточо деңгээлге түштү. Биздин жарандар тарабынан участкалык шайлоо комиссияларында ызы-чуу катталган жок. Шайлоо участокторунун ичинде эл көп топтолбошу үчүн Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери бизге колдоо көрсөтүп, шайлоо тилкесине 5-7 кишиден киргизип жатышат", - деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.