Россиядагы кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин укуктук абалын жөнгө салышы керек

Коом Загрузка... 12 Август 2025 14:30
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Ушул жылдын 5-февралынан тарта Россияда болууга же жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча жаңы режим киргизилген. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Байбосов билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу атайын реестр түзүлүп, ага ушул жылдын августуна карата миграциялык мыйзамдарды бузган 91 миңге жакын Кыргызстандын жараны киргизилген.

"Башында тизмеде 70 миңге жакын адам бар болсо, август айына карата 91 миң адамды түздү", — деди ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин Кыргызстандын жарандары Орусияда жүргөнүн мыйзамдаштыра алышат.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин 4 миңге жакын кыргызстандык Россияда жүргөн жерин мыйзамдаштырса, июль айынын аягында 9,5 миңден ашык Кыргызстандын жараны өзүнүн укуктук макамын жөнгө салган.