Россиядагы кыргыз мигранттарынын дээрлик 16 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттарга дээрлик 16 миллион рубль эмгек акысын кайтарууга жардам берди.

Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын биринчи беш айынын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарга ар тараптуу укуктук жана консультациялык колдоо көрсөттү.

175 жаранга укуктук иш — аракеттердин, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын аркасында мурда алынбай калган эмгек акысы 15 764 700 рубль төлөнүп берилген.

  • 6 жаран ден соолугуна келтирилген зыянга байланыштуу 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.
  • Өкүлчүлүктүн адистери 12 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти.
  • 20 кыргызстандыкка РФнын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү.
  • Жарандардын кайрылуулары боюнча Москва полициясына 219 жолу барып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 17 жолу визит жасалды.
  • Ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жашы жете элек балдарды мекенге кайтарууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү.

Өкүлчүлүктүн иши күнү-түнү улантылууда. Колдоо онлайн жана офлайн форматта да көрсөтүлөт.