Россиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланды

Коом Загрузка... 16 Июль 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-07-06 at 11.40.36.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде видеобайланыш режиминде Эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага эки өлкөнүн негизги министрликтеринин жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз тараптын делегациясын эмгек министринин орун басары Мукаш Байгончоков, ал эми Россия тарапты ИИМдин Чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматынын башчысынын орун басары Кирилл Адзинов жетектеди.

WhatsApp Image 2026-07-16 at 13.10.25

Жыйында тараптар статистикалык маалыматтар менен алмашып, эки өлкөнүн миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү ортого салышты.

Катышуучулар негизги көңүлдү Россиянын аймагында эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына жана аларды социалдык жактан коргоодо жаралып жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүүгө бурушту.

WhatsApp Image 2026-07-16 at 13.10.26

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк принциптерин сактоо менен, эмгек мигранттарынын укуктарын ишенимдүү коргоо багытындагы маселелерди биргелешип иштеп чыгууну улантууну макулдашышты.