Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Россиянын саламаттыкты сактоо министрлиги ден соолукка зыян келтириши мүмкүн болгон азык-түлүктөргө атайын маркалоону киргизүү сунушун изилдөөгө даяр. Бул тууралуу мекеменин башчысы Михаил Мурашко билдиргенин ТАСС маалымдады.
Буга чейин "Новые люди" фракциясынан депутат Сардана Авксентьева ден соолукка терс таасирин тийгизе турган азыктарга карата "стоп-белгилер" аталган түзүмдү киргизүү демилгеси менен министрге кайрылганы белгилүү болгон. Мындай чара туура эмес тамактануу менен байланышкан оорулардын, анын ичинде кант диабетинин жайылышына каршы күрөшүүгө жардам берет деп болжолдонууда.
"Мындай сунуштар коомчулуктун жана эксперттердин катышуусу менен дыкат иштелип чыгышы керек. Жарандардын ден соолугун сактоого багытталган бардык демилгелерди биз белгиленген тартипте кароого даярбыз", - деп зыяндуу азыктардын таңгагына эскертүүчү белгилерди киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө суроого жооп берип жатып Михаил Мурашко билдирди.
Министр ошондой эле көптөгөн соода түйүндөрү керектөөчүлөргө туура, табигый курамдагы, балансталган энергетикалык баалуулукка ээ товарларды тандоого жардам берип, ден соолукка пайдалуу азык-түлүктөрдүн текчелерин өзүнчө коюп жатышканын кошумчалады.