Россияда жүргүнчү ташыган учак кырсыкка учурады

Дүйнө 24 июль 2025 15:08
Россияда жүргүнчү ташыган учак кырсыкка учурады

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Россиянын Амур облусунда жүргүнчү ташыган Ан-24 үлгүсүндөгү учак кырсыкка учурады. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Амур жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу борборунун билдирүүсүнө караганда, учак Тындадан 16 чакырым алыстыкта, тоонун боорунан табылган.

Ан-24 учагы Хабаровск – Благовещенск – Тында каттамы боюнча учуп бара жатып, Тында аэропортуна конуу үчүн экинчи жолу жакындаганда байланыш үзүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, учактын экипажы менен байланыш бүгүн Москва убактысы боюнча саат 07:00дө үзүлгөн.

Учурда окуянын чоо-жайын тактоо иштери уланууда.

Тында транспорт прокуратурасы Байкал-Ангара транспорттук прокуратурасы менен биргеликте учуу коопсуздугу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүү иштерин баштады.