Россияда миграциялык кызматтар үчүн кошумча мамлекеттик алымдар киргизилет

Коом Загрузка... 07 Август 2025 16:15
migracionnyj-kntrol2.png
copyright icon WWW

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Россияда миграциялык кызматтар үчүн кошумча мамлекеттик алымдар киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 31-июлунда Россиянын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн миграциялык кызматтарды алууда жаңы мамлекеттик алымдар киргизилет.

Мамлекеттик алымдар төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

- чет өлкөлүк жаранды Россияда жүргөн жери боюнча каттоо үчүн (чет өлкөлүк жарандын келгендиги тууралуу билдирүүсүн берүүдө) – 500 рубль өлчөмүндө. Ошол эле учурда бул мамлекеттик алым чет өлкөлүк жарандарга – Москва шаары жана Москва облусунда мобилдик аппараттын геолокациясы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды каттоонун кошумча механизмдерин киргизүү боюнча эксперименттин катышуучуларына жайылтылбайт;

- чет өлкөлүк жарандын Россияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн (миграциялык картага мөөр басууда) – 1000 рубль өлчөмүндө.

Буга байланыштуу, элчилик Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик алымдардын көрсөтүлгөн тарифтери менен таанышып, Россиянын миграциялык органдарына барганда аларды эске алууну сунуштайт.