Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин мигранттар үчүн жарандык алууну катаалданткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.
Жаңы мыйзамга ылайык, Россияда же башка өлкөдө жасаган кылмышы үчүн соттуулугу жоюла элек же өтөлө элек чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Россиянын жарандыгын, убактылуу жашоого уруксатты жана жашап турууга уруксатты берүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле Россияда же башка өлкөдө жасаган кылмышы үчүн жоюла элек же өтөлө элек соттуулугу бар адамдарга жарандык жана жашоого уруксат берилбейт.
Ошондой эле 14 жаштан жогорку мигранттар убактылуу же туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн өз өлкөсүнөн берилген соттолбогондугу тууралуу маалымкат тапшырууга милдеттүү. Айрым категориядагы адамдар үчүн мыйзамда өзгөчө шарттар каралган.