Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды

Кырсык Загрузка... 03 Март 2026 14:45
unnamed-4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. 28-февралда Россиянын Карелия Республикасында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу учурда кырсыкка катышкан жарандардын өздүгүн аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча ыкчам иш алып барууда.

"Башкы консулдук кырсыктан жабыр тарткан мекендештерибизге бардык зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдарды көрсөтөт. Бул маселе министрликтин жана консулдуктун өзгөчө көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабыркагандардын абалы жана кырсыктын себептери тууралуу кошумча маалыматтар такталууда.