Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Россияда каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө 2,2 млн рубль кенемте өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны Х.А. кайрылып, багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу кенемте алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Бул өтүнүч боюнча өкүлчүлүк тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылууларды жөнөткөн.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 10-июнда жаранга 2,2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилди.
Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына алар бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.